Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-октябры № 11/2
Халмион айыл аймагында мектепке тартылбаган балдарды тартуу, мамлекеттик каттоодо катталбаган балдарды документтештирүү жөнүндө
Халмион айылдык Кенешинин Халмион айыл аймагында мектепке тартылбаган балдарды тартуу, мамлекеттик каттоодо катталбаган балдарды документтештируу жонундогу маалымат менен таанышып, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке тартылбай калган ДМЧА ( балдарды) окутууга мумкунчулукторду табуу, окууга тартуу мектеп дректорлоруна, айыл башчыларга жана соц адистерге милдеттендирилсин.
2. КР Окмотунун 1997-жылдын 19-ноябрындагы № 667 токтому менен бекитилган мектеп жашындагы балдарды жана оспурумдорду катоонун тартиби жонундогу Нускама боюнча иштерди жандандыруу комиссия мучолоруно тапшырылсын.
1. Мамлекеттик катоодо катталбаган балдарды документештируу боюнча иштерди жургузуу саламаттык сактоо туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Тоголок жетим жана инвалид уч балага учёт ачып, акча ажыраттуу жагы бюджет комиссиясына жуктолсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жооптуу катчы О. Сарыбековага милдеттендирилсин.
Халмион айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Сиддиков |