ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 14/2
Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал багуучулардын көчүү-конуусу, мал акысына коюлган тарифтердин аткарылышы жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айыл окмотунун аймагындагы мал багуучулардын көчүү-конуусу,мал акысына коюлган тарифтердин аткарылышы жонундо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл аймагынын айыл окмотунун (малчылары) мал багуучулары Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенешинин белгиленген убагынан мурда көчүп келип элдин талаачылыгын зыянга учураткандыгы эске алынып, тиешелүү чараларды көрүү жагы Чолпон айылдык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго тапшырылсын.
2. Белгиленген өлчөмдөн ашыкча эмгек акы талап кылышкан мал багуучуларга тиешелүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысы КБукаровго тапшырылсын.
Төрага | Б. Акматов |