Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы № 1
Казан–Куйган айылдык Кеңешинин депутаты Карабагышов Жаныбек Жумагуловичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Казан –Куйган айылдык Кеңешинин депутаты болуп шайланган Карабагышов Жаныбек Жумагылович Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис болуп иштеп жатканыгына байланыштуу, өзүнүн арызынын негизинде депутаттык мандатын токтотуу максатында.
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карабагышов Жаныбек Жумагылович Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис болуп иштеп жатканыгына байланыштуу, өзүнүн арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешине депутаттыка талапкер болуп кийинки көп добуш алган Талипов Бектур Темирбековичке мандат берилсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |