Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 10-апрели № 9/2
“Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда ички жана сырткы инвестицияларды тартууда аткарылып жаткан иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгу» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн ички жана сырткы инвестицияларды тартууда аткарылып жаткан иштер жөнүндө айыл Өкмөтүнүн коммуналдык менчик, инвестиция жана озгочо кырдаалдар боюнча башкы адиси Б.Конурбаевтин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда ички жана сырткы инвестицияларды тартууда айрым кемчиликтерди эске алуу менен аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн ички жана сырткы инвестицияларды тартууда донор уюмдар менен тыгыз иштешууго айыл окмотундогу жамааттарды, окмоттук эмес уюмдарды биргелешип иштешууго шарт тузуу жагы айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине жана айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин курулуш, транспорт, соода, байланыш, инвестиция, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы К.Абдраев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |