ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 24-декабры № 16/5
“Өзгөн шаар мэриясынын суу төлөмдөрүнө болгон тарифти көтөрүү боюнча 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 833 каты жөнүндө”
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 833, «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 97 каттарынын жана Өзгөн шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы № 2 отурумунун токтомунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калк пайдаланып жаткан ичүүчү суунун 1м3 баасы 7,5 сом, 1 жан башына айына 22,5 сом, ар бир кожолукка коросунун ичине суу түтүктөрү орнотулгандарга айына 120 сом, көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалангандарга айына 50 сом өлчөмүндө белгиленсин жана жаңы тариф боюнча төлөмдөр 2015-жылдын 1-апрелинен баштап ишке ашырылсын.
2. «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине:
- чыгашаларды кыскартуу максатында «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин оптималдаштыруу
-ишкананын кирешесин көбөйтүү боюнча мыйзамга ылайык тариф саясатын жүргүзүү
- тарифти өзгөртүүдөн түшкөн ашыкча кирешелерди негизинен жоготууларды азайтууга иштетүү
- таза суу менен камсыздоо, оңдоп түзөө иштери боюнча элден түшкөн арыздардагы көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү жолго коюу
- суу өлчөгүчтөрдү орнотууну тездетүү (биринчи кезекте сууну көп керектөөчүүлөргө)
-ишканада аткарылып жаткан иштердин маалыматын Өзгөн шаар мэриясына, шаардык кеңешке оперативдүү түрдө жеткирип, алар менен тыгыз байланышта иштөөнү жолго коюу жагы милдеттендирилсин.
3. «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине бекитилген тарифти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашылгандан кийин 2015-жылдын 1-апрелинен колдонуу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына жана Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджановко милдеттендирилсин.
Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасы |
А. Насиров |