ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 24-декабры № 16/7
“Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын кайрылуу каты жөнүндө”
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 19-декабрындагы кайрылуу катынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаардык кеңешинин мыкты туруктуу комиссияларын, шаардык кеңештин сессияларына, туруктуу комиссиялардын отурумдарына активдүү катышкан депутаттарды материалдык жактан жана ардак грамоталар менен сыйлоого шаардык кеңештин 2014-жылдагы сметасында каралган каражаттын эсебинен 35,0 миң сом төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каражаттарды сметанын чегинде максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновго, башкы эсепчи Х. Мадаминовага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасы |
А. Насиров |