Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 11-6
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын А. Юлдашев кѳчѳсγнγн № 14-γйγнγн тургуну Хасанов Сайидбек Азаматовичтин арызы жѳнγндѳ”
Араван айылынын А. Юлдашев кѳчѳсγнγн № 14-γйγнγн тургуну Хасанов Сайидбек Азаматовичтин Араван айылынын Ленин кѳчѳсγндѳ жайгашкан жеке менчик айыл чарба продукцияларын сактоочу кампаны бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп турак γй курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын А. Юлдашев кѳчѳсγнγн № 14-γйγнγн тургуну Хасанов Сайидбек Азаматовичтин Араван айылынын Ленин кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик 500 м2 жер аянтында жайгашкан айыл чарба продукцияларын сактоочу кампаны бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп турак γй курууга макулдук берилсин.
2. Хасанов Сайидбек Азаматовичтин жеке менчик айыл чарба продукцияларын сактоочу кампаны бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп турак γй куруу маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Мамасаидов |