Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 6-августу № 12-4
“С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты М. Мамасаидовдун депутаттык мандатын тапшыруу боюнча жазган арызын кароо жѳнγндѳ”
С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаты М. Мамасаидовдун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруу жѳнγндѳ жазган арызын карап чыгып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин № 5353-“Бирлик” шайлоо округунан шайланган депутат М. Мамасаидовдун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруу жѳнγндѳ жазган арызы канаатандырылсын жана депутаттык мандаты алынсын.
2. С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаты М. Мамасаидовдун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу анын ордуна айылдык кеңешинин № 5353-“Бирлик” шайлоо округунан кѳп добуш алган, депутаттык мандат алуу боюнча кезекте турган Нурдинов Икболжон Мамиржоновичке депутаттык мандат берип, бекитип берγγ жагы Араван аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннонов |