Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-3
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы мамлекеттик фонд жана калктуу конуштардан убактылуу пайдалануу γчγн берилген жерлерин берилишинин тартиби, келишимдердин тγзγлγшγ жана ижара акыларынын ѳндγрγлγшγнγн абалы жѳнγндѳ”
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн жер, туракжай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси М. Мамажановдун билдирγγсун угуп, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы мамлекеттик фонд жана калктуу конуштардан убактылуу пайдалануу γчγн берилген жерлерин берилишинин тартиби, келишимдердин тγзγлγшγ жана 2014-жылга пайдалангандыгы γчγн ижара акыларынын ѳндγрγлγшγнγн абалы жѳнγндѳ айыл Ѳкмѳтγнγн жер, туракжай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси М. Мамажановдун билдирγγсу эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы мамлекеттик фонд жана калктуу конуштардан убактылуу пайдалануу γчγн жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык берγγ берγγ практикалансын жана жерлерди ижарага же менчикке сатуу боюнча ѳткѳрγлгѳн аукциондордун мыйзамдуулугу сессиянын кийинки отурумдарында каралышы белгиленсин.
3. 2014-айыл чарба жылында пайдалануу γчγн ижарага берилген кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлеринин келишимде белгиленген ижара акыны ѳз мѳѳнѳтγндѳ ѳндγрγγ γчγн бардык иш-чараларды кѳрγп ижарачылар арасында кеңири тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ айыл Ѳкмѳтγнγн ФЭБнγн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Базарбаевге тапшырылсын.
4. Айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлеринин ижарага алып иштетип, бирок келишимде кѳрсѳтγлгѳн ижара акысын ѳз мѳѳнѳтγндѳ тѳлѳбѳгѳн ижарачыларга келишимде белгиленген тартипте мыйзам чегинде чара кѳрγγ жагы айыл Ѳкмѳтγнѳ жγктѳлсγн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |