Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-4
“С. Юсупова (мурдагы Араван) айыл ѳкмѳтγ тарабынан 2003-жылда системалык каттоонун негизинде кабыл алынган чечимдерди кароо жѳнγндѳ”
2003-жылы Республика боюнча жеке менчик турак γйлѳрдγ жана ага тийиштγγ жерлерди атайын системалык каттоо жγргγзγлγп, жарандардын менчигиндеги γйгѳ тийиштγγ жерлери каттоого алынып, айыл ѳкмѳтγнγн чечими менен бекитилген. Тактап айтканда айрым жарандардын кѳп жылдардан бери жашап келген γйγнѳ тийиштγγ жерлердин бир бѳлγктѳрγ айыл ѳкмѳтγнγн чечими менен ижаралык негизде бекитилген. Ижаралык негизде бекитилген чечимдерди жокко чыгаруу боюнча жарандар Ош облусунун райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылууда. Райондор аралык соту тарабынан аталган чечимдердин ижаралык негизде бекитилген пункту жокко чыгарылууда. Ижаралык негизде бекитилген жеке менчик турак γйгѳ тийиштγγ жерлерди мыйзамдаштырып, менчик ээсине тγздѳн тγз менчикке бекитип берγγ боюнча айыл ѳкмѳтγнγн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова (мурдагы Араван) айыл ѳкмѳтγ тарабынан 2003-жылда системалык каттоонун негизинде “Граждандардын менчик укугун каттоо жѳнγндѳгγ” чечимдеринин ижаралык негизде бекитилген пункттары Ош облусунун райондор аралык сотунγн чечимдери менен жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, ижарага бекитилген жер аянты, “Граждандардын менчик укугун каттоо жѳнγндѳгγ” чечимде белгиленген жарандын бир туугандарынын жеке менчигине акысыз, тγздѳн тγз жол менен бекитип берγγгѳ макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγ аталган жерлерди жеке менчикке бекитип берγγдѳ Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптары менен иш жγргγзγγгѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеңешинин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |