Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-5
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Х. Сидиков кѳчѳсγнγн тургуну Мусаева Холтожихондын арызы жѳнγндѳ”
Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Х. Сидиков кѳчѳсγнγн тургуну Мусаева Холтожихондын «Араванкурулуш» ОсООсунан Б. Айдаров (мурдагы Андижан) кѳчѳсγндѳгγ 5719 м2 жер тилкесин сатып алгандыктан, аталган жерди айыл чарба айбандары сатылуучу базар (мал базары) кылып иштетγγгѳ уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Х. Сидиков кѳчѳсγнγн тургуну Мусаева Холтожихонга «Араванкурулуш» ОсООсунан Б. Айдаров (мурдагы Андижан) кѳчѳсγндѳгγ 5719 м2 жер тилкесин сатып алгандыктан, аталган жерди айыл чарба айбандары сатылуучу базар (мал базары) кылып иштетγγгѳ макулдук берилсин.
2. Мусаева Холтожихондын жеке менчик жерин айыл чарба айбандары сатылуучу базар (мал базары) кылып иштетγγ маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |