Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-6
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Жами кѳчѳсγнγн тургуну Холматов Махамаджон Шохобжоновичтин арызы жѳнγндѳ”
Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Жами кѳчѳсγнγн тургуну Холматов Махамаджон Шохобжоновичтин Араван айылынынын Ибн Сино кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик 48 м2 жер тилкесинде жайгашкан тиркананы коомдук тамактануучу ашканага ѳзгѳртγп пайдаланууга уруксат берγγ боюнча жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Жами кѳчѳсγнγн тургуну Холматов Махамаджон Шохобжоновичге Араван айылынынын Ибн Сино кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик 48 м2 жер тилкесинде жайгашкан тиркананы коомдук тамактануучу ашканага ѳзгѳртγп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Холматов Махамаджон Шохобжоновичтин жеке менчик тиркананы коомдук тамактануучу ашканага ѳзгѳртγγ маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |