Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-7
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын М. Курбанов кѳчѳсγнγн тургуну Комилова Матлюба Турсиновнанын арызы жѳнγндѳ”
Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын М. Курбанов кѳчѳсγнγн тургуну Комилова Матлюба Турсиновнанын Араван айылынын А. Сайдахматов кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик турак γйγнγн алдындагы жер тилкесине соода сатык дγкѳнγ куруп убактылуу пайдаланууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 29-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 23.09.2011-жылдагы №571-сандуу токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын М. Курбанов кѳчѳсγнγн тургуну Комилова Матлюба Турсиновнага Араван айылынын А. Сайдахматов кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик турак γйγнγн алдындагы жер тилкесине соода сатык дγкѳнγ куруп мѳѳнѳттγγ пайдалануу γчγн ижарага берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Комилова Матлюба Турсиновнага жеке менчик турак γйγнγн алдындагы жер тилкесине соода сатык дγкѳнγ куруп мѳѳнѳттγγ пайдалануу γчγн ижарага берγγ маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда ижарага берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |