Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-9
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Октябрь айылынын тургуну Ибрагимов Равшанбек Аждаровичтин арызы жѳнγндѳ”
Айыл ѳкмѳтγнγн Октябрь айылынын тургуну Ибрагимов Равшанбек Аждаровичтин ѳзγнγн жашап жаткан менчик γйγнγн алдындагы бош турган 1400 м2 жерди навес куруп мѳѳнѳттγγ пайдалануу γчγн ижарага берγγгѳ уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 77-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 23.09.2011-жылдагы № 571-сандуу токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн Октябрь айылынын тургуну Ибрагимов Равшанбек Аждаровичке ѳзγнγн жашап жаткан менчик γйγнγн алдындагы бош турган 1400 м2 жерди навес куруп мѳѳнѳттγγ пайдалануу γчγн ижарага берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ибрагимов Равшанбек Аждаровичке жеке менчик турак γйγнγн алдындагы жер тилкесине навес куруп мѳѳнѳттγγ пайдалануу γчγн ижарага берγγ маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда ижарага берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |