Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-10
“С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Горький кѳчѳсγнγн тургуну Ураимов Фуркатжон Адылжоновичтин арызы жѳнγндѳ”
Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Горький кѳчѳсγнγн тургуну Ураимов Фуркатжон Адылжоновичтин ѳзγнγн 848 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак γйγнγн 30 м2 жер тилкесине автоунаа жуучу кичи цех курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Горький кѳчѳсγнγн тургуну Ураимов Фуркатжон Адылжоновичке ѳзγнγн 848 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак γйγнγн 30 м2 жер тилкесине автоунаа жуучу кичи цех курууга макулдук берилсин.
2. Ураимов Фуркатжон Адылжоновичтин жеке менчик турак γйγнγн 30 м2 жер тилкесине автоунаа жуучу кичи цех куруу маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |