Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-11
“С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (мурдагы Анжыян) көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (мурдагы Анжыян) көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын өзүнүн 579,8 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак үйүн түнеке кесүүчү кичи цех кылып өзгөртүүгө уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (мурдагы Анжыян) көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнага өзүнүн 579,8 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак үйүн түнеке кесүүчү кичи цех кылып өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын өзүнүн 579,8 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак үйүн түнеке кесүүчү кичи цех кылып өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |