Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-13
“Араван районунун Гулбаар айылынын Туратов көчөсүнүн тургуну Туратов Баймамат Турдуматовичтин арызы жөнүндө”
Араван районунун Гулбаар айылынын Туратов көчөсүнүн тургуну Туратов Баймамат Турдуматовичтин айыл өкмөтүнүн ак Шар участкасындагы жеке менчик короосуна тийиштүү болгон 3760 м2 жер тилкесин менчикке сатууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 44-беренесин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Араван районунун Гулбаар айылынын Туратов көчөсүнүн тургуну Туратов Баймамат Турдуматовичтин айыл өкмөтүнүн ак Шар участкасындагы жеке менчик короосуна тийиштүү болгон 3760 м2 жер тилкесин менчикке сатууга макулдук берилсин.
Туратов Баймамат Турдуматовичтин айыл өкмөтүнүн ак Шар участкасындагы жеке менчик короосуна тийиштүү болгон 3760 м2 жер тилкесин менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жеке менчикке сатуу жагы сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |