Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-14
“Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Нурулло Хабибуллаевичтин арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Нурулло Хабибуллаевичтин айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын алдындагы 600 м2 жер аянтына өзүнүн эсебинен жеӊил типтеги муниципалдык спорт аянтчасы курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Нурулло Хабибуллаевичтин айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын алдындагы 600 м2 жер аянтына өзүнүн эсебинен жеӊил типтеги муниципалдык спорт аянтчасы курууга макулдук берилсин.
2. Жаӊыдан курулган спорт аянтчасы муниципалдык менчик катары айыл өкмөтүнүн балансына алынып, Юлдашев Нурулло Хабибуллаевичке 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |