Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-16
“С. Юсупова Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын Мончоктөбө көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын Мончокдөбө көчөсүнүн тургундарынын Каррак айылынан өткөн Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолун кеӊейтүү зарылдыгы жана ремонттоо иштерин жүргүзүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, аталган маселе орчундуу болгондуктан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын Мончокдөбө көчөсүнүн тургундарынын Каррак айылынан өткөн Ош-Араван-Чек-Абад унаажолун кеӊейтүү жана ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен 50000 (элүү миӊ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |