Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 29-сентябры № 13-18
“С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Насирдинова Нилуфар Абдисаломовнанын арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Насирдинова Нилуфар Абдисаломовнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик № 9-үйдүн № 2-батиринин артындагы бош турган жер тилкесине соода сатык дүкөнү куруп убактылуу пайдаланууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 46,77-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-сандуу токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Насирдинова Нилуфар Абдисаломовнага Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик № 9-үйдүн № 2-батиринин артындагы жер тилкесине соода сатык дүкөнү куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Насирдинова Нилуфар Абдисаломовнага жеке менчик турак үйүнүн артындагы жер тилкесине соода сатык дүкөнү куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда ижарага берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |