Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-2
“С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовдун баяндамасын угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эсеке алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, укуктук-ченемдик актыларынын жана айылдык Кеӊештин иш регламентинин негизинде жогорку органдардан, ишкана-мекемелерде келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздарды өз убагында аткарылышынын камсыз кылып, аткаруу боюнча кабыл алынган чечимдерди так аткаруу боюнча маалыматтарды берип, иш кагаздар менен иштөөнүн мындан ары дагы өркүндөтүү жагы колго алынсын.
3. Жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздар менен иштөөнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнө жана айылдык Кеӊешинин жооптуу катчысы Н. Кубатовго жүктөлсүн.
4. Жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздарды өз убагында аткарууга албаган айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонуу жана өз убагында аткарган кызматкерлерди сыйлоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык окуругдук Кеӊешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |