Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-3
“С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан алынуучу жергиликтүү салыктардын, төлөмдөрдүн тарифтик баасын жана аларга коэффициент белгилөө МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык округдук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеӊешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салык жыйноонун абалы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан мыйзамда белгиленген салыктардын жана ижара акыларын өз убагында жыйноону камсыз кылуу үчүн эл арасында кеӊири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык чараларды көрүп, айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүн туруктуу болушун камсыз кылуу менен чыгаша бөлүгүндөгү сарпталуучу каражаттарды даректүүлүгүн жөнгү салуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Айылдык өкмөтүнүн аймагындагы салыктарды өндүрүүдө кеӊири түшүндүрүү иштерини жүргүзүү менен салык инспекторлоруна көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматчыларыны зарыл болгон учурда пайдалануу айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |