Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-6
“Айылдык кеӊештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга 2015-жылга карата ар бир кожолуктан жана ишкана мекемелерден алынуучу жыйынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Айылдык кеӊештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга 2015-жылга карата ар бир кожолуктан жана ишкана мекемелерден алынуучу жыйынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысынын милдетин аткаруучу Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеӊештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга 2015-жылга карата ар бир кожолуктан 100 (жүз), ишкана мекемелерден 150 (жүз элүү) (ишкана мекемеде иштеген штатта турган ар бир адамдан) жана соода түйүндөрүнөн 150 (жүз элүү) сомдон жыйын алуу белгиленсин.
2. Айылдык Кеӊештин аймагындагы көп кабаттуу үйдө, батирлерде жашаган кожолуктар жана өтө жакыр үй бүлөлөр тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгуу үчүн алынуучу жыйындан бошотулсун. (тизме тиркелет)
3. Айылдык кеӊештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга ар бир кожолуктан алынуучу каражатты айыл Өкмөтүнүн бюджетине толук түшүшүн жана аны мыйзамда белгиленген тартипте максаттуу иштетилишин камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеӊешинин экономика бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |