Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-8
“Айыл өкмөтүнүн «Зилал-Суу» ИСКАКБсынын сураныч каты жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн «Зилал-Суу» ИСКАКБсынын жетекчиси К. Моминованын таза суудан пайдалануучу абоненттерге өз эсебинен суу эсептегич орнотууга көмөк көрсөтүү менен уруксат берүүнү суранып жазган сураныч катын карап чыгылып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза ичимдик суудан пайдалануучу бардык кожолуктарга өздөрүнүн эсебинен суу эсептегич орнотуу сунушталсын.
2. Таза ичимдик суудан пайдалануучу кожолуктарга өздөрүнүн эсебинен суу эсептегич орнотуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана «Зилал-Суу» ИСКАКБсына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |