Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-9
“Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Тургунова Розияхондан арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Тургунова Розияхондан Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү Араван сайдын жээгиндеги (Өзү келди каналынын жээги) жерге жеӊил типтеги соода магазини куруп, мөөнөттүү пайдаланууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Тургунова Розияхондан арызы айылдык кеӊешинин жер, агрардык, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Аталган туруктуу комиссия 2015-жылдын 15-январына чейин арызды үйрөнүп чыгып, өзүнүн корутунду сунушун айылдык кеӊешине жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссияна тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеӊешинин жер, агрардык, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |