Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-10
“Айыл өкмөтүнүн Сүтхор айылынын тургундары С.Курбанов, И.Атаханов жана М.Раимовдордун арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Сүтхор айылынын тургундары С.Курбанов, И.Атаханов жана М.Раимовдордун айыл өкмөтүнүн №56,61,63-контурундагы МФ жерлерине таандык болгон 2,4 га ижарага жер алып, иштетип эккен эгиндеринен аз түшүм алганын белгилеп, ижара акысын төмөндөтүп берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Сүтхор айылынын тургундары С.Курбанов, И.Атаханов жана М.Раимовдордун айыл өкмөтүнүн №56,61,63-контурундагы МФ жерлерине таандык болгон 2,4 га ижарага жер алып, иштетип эккен эгиндеринен аз түшүм алганын белгилеп, ижара акысын төмөндөтүп берүүнү суранып жазган арызы боюнча тийиштүү документтер жоктугуна байланыштуу, ижара акын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү жоктугу белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеӊешинин жер, агрардык, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |