Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-11
“Айыл өкмөтүнүн Алыш башы участкасындагы жаӊы конуштардагы тургундардын арызы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Алыш башы участкасындагы жаӊы конуштардагы тургундардын азыркы мезгилде иштетип жаткан трансформаторду кубаттуулугу чоӊ болгон трасформаторго алмаштырууга жардам берүүнү суранып жазган арызы боюнча айыл Өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Алыш башы участкасындагы жаӊы конуштардагы тургундардын арызында суралган маселелерди аткаруу айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иш чараларынын планына жана бюджетине киргизүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөтүнө жана айылдык Кеӊештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |