Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-12
“Айылдык кеӊештин № 354-«Хамза» шайлоо участкасынан шайланган депутаттарынын кызматтык каты жөнүндө”
Айылдык кеӊештин № 354-«Хамза» шайлоо участкасынан шайланган депутаттарынын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жаӊы конуштардагы тургундардын көчөгө жагыл төгүүгө, трансформаторун ремонттоп берүүгө жардам сурап арызы коштолгон кызматтык каты боюнча айыл Өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеӊештин № 354-«Хамза» шайлоо участкасынан шайланган депутаттарынын кызматтык катында суралган маселелерди аткаруу айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иш чараларынын планына жана бюджетине киргизүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөтүнө жана айылдык Кеӊештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |