Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-13
“Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургуну Баходир Абдуллаевтин арызы жөнүндө”
Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургуну Баходир Абдуллаевтин Араван айылынын Ибн Сино көчөсүндөгү 15 м2 жер тилкесине коммерциялык дүкөн куруп мөөнөттүү пайдаланууга макулдук берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”н жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Ибн Сино көчөсүндөгү 15 м2 жер тилкеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда аукцион (торук) өткөрүү жолу менен коммерциялык дүкөн куруп мөөнөттүү пайдалануу ижарага берүүгө маакулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |