Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-14
“Араван айылынын Хамза көчөсүнүн тургуну Нурматов Икромжондын арызы жөнүндө”
Араван айылынын Хамза көчөсүнүн тургуну Нурматов Икромжондын Араван айылынын Хамза көчөсүндөгү өзүнүн менчик үйүнү алдындагы жер тилкесине автооунаа жүүчү кичи цех куруп мөөнөттүү пайдаланууга маакулдук берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 77-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-сандуу токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Хамза көчөсүнүн тургуну Нурматов Икромжонга өзүнүн жашап жаткан менчик үйүнүн алдындагы 126 м2 жерди автоуна жуучу кичи ишкана куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө маакулдук берилсин.
2. Нурматов Икромжонга жеке менчик турак үйүнүн алдындагы жер тилкесине автоунаа жуучу кичи ишкана куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда ижарага берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |