Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-декабры № Х/1
Терек айыл аймагынын 2013- жылы бюджетинин киреше бөлүмүнөн акча
каражатын пайдалануу жөнүндө
Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы О.Ажымамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Терек айылдык Кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Терекке-Береке» балдар бакчасынын киреше бөлүмүнөн үнөмдөлгөн 60,0 миӊ сом жана кошумча түшө турган 20,0 миӊ сом, жалпы 80,0 миӊ сом акча каражаты бала бакчада иштеген тарбиячы, кызматкерлердин ишин жакшыртуу максатында керектүү жабдууларды алуу үчүн төмөндөгү статьяларга пайдалансын:
1. Бала бакчага: |
|
2215 статьяга | 80,0 миӊ сом |
Башкаруунун |
|
2211 статьясынан | 3,0 миӊ сомду |
2212 статьясына | 3,0 миӊ сом |
Соц. защита бөлүмүнөн |
|
2721 статьясынан | 13,3 мин сом |
Башкаруунун |
|
2215 статьясына | 13,3 миӊ сом |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бөлүм башчы О.Ажымамбетовага милдеттендирилсин.
Терек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ажиева |