Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
2014-жылдын 29-июлу № 7/2
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылында турган таразаны курулуп жаткан мектептин спорт аянтчасына берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылында турган тараза таланып-толонуп калгандыгына байланыштуу жаңы курулуп жаткан мектептин спорт аянчасынын балдар ойноочу жабдыктарына берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылында таланып-тонолуп турган таразаны Жаны курулуп жаткан мектептин спорт аянтчасынын балдар ойноочу жабдыктарын жасоого берилсин.
- Алыш айылындагы жаны курулуп жаткан спорт аянтчанын балдар ойноочу жабдыктарына жумшалып жаткандыгын көзөмөлдөө жагын Алыш айыл башчысы Ж. Алымбаевге милдеттендирилсин.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |