Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 10
Күн тартибиндеги каралуучу маселелер:
1. Мекемелердин көмөкчү чарбадан тапкан кирешеси, анын сарпталышы.
2. ФПСтин арендага берилген жери. Түшүмдүн көлөмү, сакталышы, пайдаланылышы.
3. Айыл өкмөтүнүн жана аппарат кызматкерлеринин жылдык отчету.
4. Ар кандай маселелер.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча талкуудан кийин Үгүт айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактагы мекемелердин көмөкчү чарбаларынан түшкөн каражаттар өз багытында, туура пайдаланылган деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондусунун арендага берилген жерлери боюнча иши канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Айыл өкмөт башчысынын 2013-жылда жүргүзгөн иши канааттандыраарлык деп табылсын.
4. Байгөнчөк айылдык клубунун өздүк салымына төгүлгөн 18,0 миң сом, таза суунун 4087 сомун К.Эгембердиевден 2014-жылдын 1-апрелине чейин өндүрүп, таза сууга төктүрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Орозобековага милдеттендирилсин.
5. 2013-жылдын бюджетинин калдыгы өз багытында колдонулгандыгы белгиленип, башкы бухгалтер С.Сакыбаеванын иши канааттандыраарлык деп табылсын.
6. 2014-жылдын бюджети алымча-кошумчасы менен бекитилсин. Жетишсиз 747,8 миң сомду кошуп берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү атайын каражатты 43,0 миң сомго көбөйтүү жагы башкы бухгалтер С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
8. М.Баетов атындагы орто мектебинин спорттук аянтчасына кошумча каражат таап берүү жагы жаштар уюмунун башчысы А.Акыловго милдеттендирилсин.
9. Үгүт айыл аймагындагы пайдаланылбай жаткан жайыт жерлерин салыктан бошотуу жагы райондук салык инспекциясынан суралсын.
10. Бадачыларды Арпа жайлоосуна көчүрүүнү уюштуруу жайыт комитети Ж.Нургазиевге жана айыл өкмөт башчысы А.Орозобековага милдеттендирилсин.
11. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарындагы ашыкча пайдаланылып жаткан огороддордун салыгын айыл өкмөттүн бюджетине түшүрүү жагы айыл өкмөтүнүн салык адисине жана жер боюнча башкы адиске милдеттендирилсин.
12. Үгүт айылдык Кеңешинин 10.12.2013-жылдагы № 8/9 токтомун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мааданбековго милдеттендирилсин.
13. “Айдос” балдар бакчасынын башчысы А.Курманалиевага одоно финансылык тартип бузууга жол бергендиги белгиленип, эскертүү жазасы берилсин. Кетирилген чыгымдарды өз ордуна 1 айдын ичинде коюу жагы милдеттендирилсин. Кошумча тапшырма катары 2013-жылдын январ айынан сентябрь айына чейинки жүргүзгөн иштеринин отчетторун текшерүү комиссиясына көргөзүү жагы тапшырылсын.
14. “Айдос” балдар бакчасынын иш кагаздарын талапка ылайык жүргүзүү боюнча А.Курманалиевага өздүк билимин көтөрүү максатында педагогикалык этика, методика жана балдар бакчасын иштетүү жобосун окуп-үйрөнүүсү милдеттендирилсин.
15. Балдар үчүн шартты түзүү, имаратты жылытуу, группаны толуктоону тез арада колго алуу жана тарбиялануучуларга тарбиячылардын туура мамиле кылуусун жолго коюу жетекчи А.Курманалиевага тапшырылсын.
16. Үгүт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана Байгөнчөк айыл башчысы тарабынан берилүүчү маалымдамалардын мал сатууга баасы: майда жандык үчүн 5-00, бодо мал үчүн 10-00 сом болуп бекитилсин.
17. Үгүт айылдык Кеңешинин төрагасы К.Эгембердиевдин Үгүт айылдык Кеңешине жазган арызы канааттандырылып, Үгүт айылдык Кеңешинин төрагалыгынан бошотулсун.
18. Үгүт айылынын тургуну С.Жаналиеванын жазган арыыызынын негизинде “Айдос” балдар бакчасынын башчысы А.Курманалиевага чара көрүлгөнүн билдирүү жагы жооптуу катчы А.Маданбековго тапшырылсын.
19. Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү иштеринде капиталдык ремонтко мектепти даярдоо жумуштарын (эски каалга-терезелерди чыгаруу, чатырын алуу, жылытуу системасын алып салуу ж.б.), иштеген адамдардын тамак-ашын камсыз кылуу жана башка жумуштар үчүн кетүүчү чыгымдарды, б.а. 147,2 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатты камсыз кылуу жагы айыл элине милдеттендирилсин.
20. Ремонт иштери үчүн суралып жаткан бюджеттин өздүк салымы, б.а. 150,0 миң сом өлчөмүндөгү накталай акча каражаты айыл өкмөтү аркылуу камсыз кылынсын.
21. Өздүк салым үчүн чогултулган 150,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражтаты Ак-Талаа РСК банкына салынсын.
22. Акча каражатын өз максатында пайдалануу жагы долбоордун жетекчисине милдеттендирилсин.
Үгүт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Абдыраева |