ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык Кеңешинин X-сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 11
Күн тартибиндеги каралуучу маселелер:
1. Жайыт комитетинин 2013-жылда жүргүзгөн иши боюнча отчету.
2. Айылдык Кеңештин 2014-жылга иш планын бекитүү.
3. Ар кандай маселелер.
Күн тартибиндеги маселелерди угуп жана талкуулап Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нургазиевдин 2013-жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2014-жылда жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы болуп Ж.Нургазиев шайлансын. Үгүт ЖПБ ЖКнин иш кагаздарын жүргүзүү жана жайытка тийиштүү иштерди аткаруу жагы Ж.Нургазиевге милдеттендирилсин.
3. Үгүт айылдык Кеңешинин 2014-жылга иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
4. Үгүт айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан М.Баетов орто мектебинин жылуулугуна (насос) 1,7 миң сом бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
Үгүт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Абдыраева |