Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык Кеңешинин XV-сессиясы
2014-жылдын 2-июлу № 16
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. 2015-жылдын бюджетинин долбоорун кароо.
2. Коомдук башталыштагы уюмдардын ишин жандандыруу.
3. Жазгы айдап-себүүнүн жыйынтыгы.
4. Мыйзамсыз сатылып кеткен социалдык обүектилер, техникалар, мүлктөрдүн сатылышынан түшкөн каражаттын колдонулушу. Таза сууга чогултуулган акчанын колдонулушу (Үгүт айылы).
5. Ар кандай маселелер.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча ой-пикирлерди, сын-сунуштарды эске алуу менен Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылында түзүлгөн үрөн участкасы айыл элине пайда алып келбегендигине байланыштуу, башка арендаторлор сыяктуу толугу менен салыыкты жана аренда акысын төлөө жагы А.Үмөталиевге милдеттендирилсин.
2. “Кой-Учкан” ИСКАКБсынын иш-кагаздарын, чогулган акчалардын эсебин тактап берүү үчүн тийиштүү органдарга айылдык кеңештин атынан сунуш берилсин.
3. Үгүт айылындагы мурунку чарбадан калган мүлктөрдү (пилорама, тараза, цистерналар) айыл өкмөтүнүн карамагына алып кириштөө жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
4. Байгөнчөк айылдык клубунун иш-кагаздарын, инвентарларын тактап чыгып, өткөрүү үчүн комиссия түзүлсүн. Комиссиянын курамына депутаттардан Б.Орозбаев, Д.Казиева, ФЭБ башчысы С.Сакыбаева, Байгөнчөк айыл башчысы Н.Иманкадыров, клуб башчысы С.Жакыпов киргизилсин. Комиссиянын курамына клубдун иш-кагаздарын бүтүрүү жагы милдеттендирилсин.
5. ФЭБ башчысы С.Сакыбаеванын эски талкаланган короо-сарайлардын ордуна жаңы салынуучу сарайга токтом чыгарып берүүдө эки миң сомдон айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине түшүрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
6. “Байгөнччөк келечеги” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын бир айлык взносу ар бир балага 350 сомдон төлөө боюнчча ата-энелер чогулушунун токтому бекитилсин.
Үгүт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Орозбаев |