Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык Кеңешинин XV-сессиясы
2014-жылдын 18-ноябры № 18
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Элге кызмат көрсөтүүнүн абалы.
2. Жайыт комитетинин отчету.
3. Оруп-жыюунун абалы.
4. Ар кандай маселелер.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча ой-пикирлерди, сын-сунуштарды эске алуу менен Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байгөнчөк айылдык клубуна инвентаризация жүргүзүп тактап чыгуу жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
2. Орто-Сырт жайлоосундагы жана Байгөнчөк айылындагы купканын документтерин тактоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Орозобековага милдеттендирисин.
3. Байгөнчөк айылдык клубунун кызматкеринин сунушун 2015-жылдын бюджетинен карап, чечип берүү жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Аймактагы кыштоолордун ордуна чыгарылган токтомдордун мыйзамдуулугун текшерип, кийинки сессияга чейин жыйынтык чыгаруу А.Мааданбеков менен А.Үмөталиевге милдеттендирилсин.
5. Байгөнчөк айылын таза суу менен камсыз кылуу жагы айыл башчы Н.Иманкадыровго милдеттендирилсин.
6. Эч себепсиз сессияга келбеген мекеме жетекчилерине жана тийиштүү кызматкерлерге кызмат абалын кароо жагы сессиянын чечими менен тийиштүү органдарга сунушталсын.
7. Мектептердин, балдар бакчаларынын жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин. Үгүт байланыш бөлүмү, Үгүт айылдык ФАПнун жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
Үгүт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Орозбаев |