Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык Кеңешинин XV-сессиясы
2014-жылдын 17-декабры № 19
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозобекованын бир жылдык отчету.
2. Мекемелердин көмөкчү чарбадан тапкан кирешеси жана анын сарпталышы.
3. Жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышы жана анын сарпталышы.
4. Ар кандай маселелер.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча ой-пикирлерди, сын-сунуштарды эске алуу менен Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 18-нояябрындагы № 118 токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Орозобековага тапшырылсын.
2. Айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде жүргүзгөн иши канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Айыл өкмөт башчысына маданият тармагын көтөрүү жагы милдеттендирилсин.
4 .Мекмелердин көмөкчү чарбадан тапкан кирешеси туура пайдаланылгандыгы белгиленип, көмөкчү чарбаны кеңейтүү жагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитетинин иши кийинки сессияда каралсын.
6. Аййыл өкмөтүнө караштуу мекемелерди жыл жыйынтыгы менен инвентаризациядан өткөрүп, тактап чыгуу ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
7. Үгүт айылынын жеке менчик ветеринардык сервисинин жетекчиси Р.Кангожоевдин жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылып, ар бир вакцинацияны өз убагуда жүргүзүп туруу жагы милдеттендирилсин.
8. Байгөнчөк айылдык ФАП жетекчиси Н.Жапаркуловага, Байгөнчөк байланыш бөлүмүнүн башчысы Ш.Жумабековага сессияга себепсиз катышпагандыыктары белгиленип, эскертүү берилсин.
Үгүт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Орозбаев |