Редакцияот 23.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үгүт айылдык Кеңешинин XX-сессиясы

 

2015-жылдын 23-январы № 20

Күн тартибинде каралуучу маселелер:

1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга иш-планын бекитүү.

2. ФПСтин арендага берилген жери, түшкөн салыгы жана анын сарпталышы.

3. Айылдык Кеңештин 22015-жылга иш-планын бекитүү.

4. Ар кандай маселелер.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча ой-пикирлерди, сын-сунуштарды эске алуу менен Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

2. Кийинки сессияга чейин талаш болуп жаткан жерлердин кимге берилгендигин тастыыктаган документтерин тактап чыгуу жагы жер адиси А.Үмөталиевге милдеттендирилсин.

3. Үгүт айылдык Кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

4. Үгүт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аркылуу жарандарга берилүүчү маалым кат 5 (беш) сом, майда жандык сатууга 5(беш) сом, бодо мал сатууга 10 (он) сом өлчөмүндө акы алынсын.

5. Байгөнчөк айыл башчысына сатылуучу малдарга жооптуу катчынын деңгээлинде маалым кат берүүгө уруксат берилсин.

 

Үгүт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Орозбаев