Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
17-декабрь 2014-жыл № 82/Х1-26
2015-жылдын 1-январынан баштап турак жай тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338-339-беренелеринин негизинде “01.01.2015-жылдан баштап жергиликтүү салыктарды, жер тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛДЫ :
1. Ак-Кудук айылдык округунун аймагында турак жай жерлери жана бакча-огород тилкелери үчүн К1=1, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге салыктын эсеби үчүн К1=1 чөлкөмдүк коэффициенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинде бул токтомду Ак-Кудук айыл өкмөтү каттатсын.
3. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн салык инспектору ушул токтомду колдонмо кылып турак-жай жана бакча-огород тилкелери жана айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жер салык эсебин жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык округунун Айылдык кеңешинин төрагасы |
И.И.Боров. |