Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ОН АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫНЫН (V ШАЙЛАНГАН) ЗАСЕДАНИЕСИНИН ТОКТОМУ
11-июль 2014-жыл № 16/3
Чалма айылдык округунун Буйга айылынын Чакан-Таш (Сары-Бел) участкасынан цемент чыгарып иштетууго жер аянтын болуп беруу жонундо
Чалма айылдык округунун Буйга айылынын Чакан-Таш (Сары-Бел) участкасынан цемент чыгарып иштетууго жер аянтын болуп беру боюнча Токбай-Талаа жана Буйга айылдарынын элдик жыйындарынын токтомдорун карап жана талкуулап коруп,Чалма айылдык округунун айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын оз алдынча башкаруу жонундогу Мыйзамынын 47-беренесинин 10-пунктуна ылайык Чалма айылдык Кенешинин аймагындагы Буйга айылынын Чакан-Таш (Сары-Бел) участкасынан цемент чыгарып иштетуу учун 285,6 га жер аянты «Южный техосмотр» жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга 5 жылдык моонот менен болунуп берилсин.
2 Цемент иштетип чыгаруу учун 5 жылдык моонот менен пайдаланууга берилген 285,6га жер аянтын иштетуудо «Южный техосмотр» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мыйзам бузуулар болбой, пайдаланууга берилген жерди иштетуу боюнча тузулгон келишимдеги милдеттемелер так аткарылган учурда Чалма айылдык Кенешинин чечими менен пайдалануу мооноту 49 жылга узартылышы белгиленсин.
3 Цемент чыгарып иштетуучу заводдун курулушу Чалма айыл округунун аймагында курулсун жана заводдо иштей турган жумушчулардын 60 пайыздан кем эмес саны жергиликтуу жашоочулардан кабыл алынсын.
4. Чалма айылдык Кенешинин аймагындагы Буйга айылынын Чакан-Таш (Сары-Бел) участкасынан цемент чыгарып иштетууго жер аянтын болуп берууну мыйзамдаштырып беруу жагы Кара-Кулжа райондук кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун алдындагы Минералдык Ресурстар жана Геология боюнча Мамлекеттик агенттигинен суралсын.
5. Бул токтомду жетекчиликке алуу жагы Чалма айыл окмотунун башчысы Ибраим уулу Уланбекке тапшырылсын.
Чалма айылдык округунун айылдык Кенешинин торагасы |
А.Кадыркулов |