Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ОН АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫНЫН (V ШАЙЛАНГАН) ЗАСЕДАНИЕСИНИН ТОКТОМУ
11-июль 2014-жыл № 16/4
Токбай-Талаа айылына уюлдук телефон базалык станциясын орнотуу жонундогу Чалма айыл окмотунун 11-июль 2014-жылдагы № 33-токтомун кароо тууралуу.
Чалма айылдык аймагындагы жашаган калкты уюлдук телефон базалык станциясы менен сапаттуу тейлоо максатында Чалма айылдык округунун айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айылдык округунун аймагында жашаган калктын уюлдук телефонго болгон муктаждыктарын эске алып, Токбай-Талаа айылынан 49 кв.м жер тилкеси «Терра Компани» ЖЧКсына уюлдук телефон базалык станциясын орнотуу учун 5 жылдык моонот менен ажыратылып берилсин.
2. Чалма айылдык округунун айылдык Кенешинин аймагындагы Токбай-Талаа айылынан болунуп берилген 49 кв.м жер аянтын берууну мыйзамдаштырып беруу жагы Кара-Кулжа райондук кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Чалма айыл окмотунун башчысы Ибраим у Уланга тапшырылсын.
Чалма айылдык округунун айылдык Кенешинин торагасы |
А.Кадыркулов |