Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 25/88
Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2015–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3–беренесинин 3–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин, Мамлекеттик Салык Кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2014–жылдын 29–сентябрындагы №031/074/2511 катын эске алып, Кызыл–Кыя шарынын 2015–жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2015–жылга жер салыктары жана мүлккө салыктардын 1,2.3 топтору киргизилсин.
2. Милдеттендирилсин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык Кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгына Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2015–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктарды толук жана сапаттуу чогултууну камсыз кылуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |