Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 25/90
Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, “Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, шаардын 2014–жылга жергиликтүү бюджетинин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын № 4–орто мектебинин 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 18,5 мин сом кыскартылып, 22122100 “Байланышка төлөмдөр” статьясына 3,5 миң сомго жана 22311100 “Сууга төлөмдөр” статьясына 15,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 195,0 миң сом кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 22211100 “Учурдагы оңдоо чыгымдар” статьясына 10,0 миң сомго жана 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясына 185,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаардык аскер комиссариатынын 2217 “Медикамент алуу” статьясынан 30,0 миң сом, 22321100 “Электр энергияга төлөмдөр” статьясынан 4,8 миң сом, 22122100 “Байланышка төлөмдөр” статьясынан 17,0 миң сом кыскартылып, 22241100 “Көмүр алуу” статьясына 51,8 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
4. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 45,0 миң сом кыскартылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 45,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
5. “Караван” аймактык башкармалыгынын 22122100 “Байланышка төлөмдөр” статьясынан 15,0 миң сом кыскартылып, 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясына 15,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
6. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 100,0 миң сом кыскартылып, шаардын мэриясынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 100,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
7. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 29,0 миң сом кыскартылып, шаардык “Караван” аймактык башкармалыгынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 29,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
8. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2211 “Сапардама” статьясынан 48,1 миң сом, 22152100 “Коммуналдык чыгымдар” статьясынан 4,1 миң сом кыскартылып, 22154900 “башка чыгымдар” статьясына 42,2 миң сомго жана 22221200 “Башка чыгымдарды алуу” статьясына 10,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
9. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын каражатынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан 120,0 миң сом, 22211100 “Учурдагы оңдоо чыгымдар” статьясынан 80,0 миң сом кыскартылып, 22221200 “Башка чыгымдарды алуу” статьясына 200,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
10. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 120,0 миң сом кыскартылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22331100 “Жылуулукка төлөмдөр” статьясына 100,0 миң сом жана 22152100 “Коммуналдык чыгымдарга төлөмдөр” статьясына 20,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
11. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 27,1 миң сом кыскартылып, шаардын мэриясынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 27,1 миң сомго мал каттого көбөйтүлүп берилсин.
12. Кызыл–Кыя шаарынын № 8–орто мектебинин 22311100 “Сууга төлөмдөр” статьясынан 4,0 миң сом, 22122100 “Байланышка төлөмдөр” статьясынан 4,0 мин сомго кыскартылып, 22241100 “Көмүр алууга төлөмдөр” статьясына 8,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
13. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 260,0 миң сомго кыскартылып, шаардын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясына 260,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
14. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 4,0 миң сом кыскартылып, шаардык кенештин 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 4,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
15. Кызыл–Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин Экономикалык бөлүкчөсүнүн IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 29,0 миң сом кыскартылып, шаардык “Караван” аймактык башкармалыгынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 29,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
16. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |