Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 25/91
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айдаркен, Кызыл–Кыя, Кадамжай аймактык Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын мамлекеттик инспектору З.Эралиевдин 2013–жылда жана 2014–жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айдаркен, Кызыл–Кыя, Кадамжай аймактык Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын мамлекеттик инспектору З.Эралиевдин 2013–жылда жана 2014–жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айдаркен, Кызыл–Кыя, Кадамжай аймактык Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына сунуш кылынсын жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилип жаткан кемчилдиктерди жоюу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айдаркен, Кызыл–Кыя, Кадамжай аймактык Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына сунуш кылынсын шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн астынкы кабаттарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан дүкөндөр, кафелер, барлар жана ишкердүүлүктүн башка түрлөрүн жүргүзүп жаткан обьектилер боюнча кайсы органдын уруксаты менен профилдери өзгөртүлгөн, техникалык коопсуздугунун жана СНИПтин талаптарына жооп береби, канчасы мыйзам бузуулар менен иштеп жаткандыгы жөнүндө шаардык кеңешке 2015–жылдын 1–февралына чейин маалымат берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |