Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 26/93
Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, “Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, шаардын 2014–жылга жергиликтүү бюджетинин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер жана милдеттенмелер”статьясынан 1100,0 мин сом кыскартылып, 3112 “Активдер жана милдеттенмелер”статьясына 90,0 мин сомго, 2214 “Транспорттук чыгымдар» статьясына 180,0 мин сомго жана 25121100 “Субсидия чыгымдар” статьясына 830,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын Токтогул атындагы №6–орто мектебинин IV кварталынын 22122100 «Байланыш» статьясынан 6,0 мин сомго кыскартылып, 22152100 «Коммуналдык чыгымдар» статьясына 6,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |