Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 26/94
Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын Кызыл–Кыя шаарынын генералдык планы, анын аткарылышы жана шаардын жалпы архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын генералдык планы, анын аткарылышы жана шаардын жалпы архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы, шаардын башкы архитектору А.Мурзатовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, шаардын башкы архитектору А.Мурзатовко милдеттендирилсин:
-шаардын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын алып барып жаткан ишинде орун алган кемчилдиктерди жоюу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;
-келечекте шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча атайын иш чара иштеп чыгуу жана ал иш чаранын аткарылышын камсыз кылуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |