Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы № 18/6
Кең-Жылга айылынын С. Шабырбекова атындагы балдар бакчасына кошумча 30 орундуу тайпа ачуу жөнүндө балдар бакчасынын башчысы Алмас к. Жайнагүлдүн билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Жылга айылындагы С. Шабырбекова атындагы балдар бакчасына кошумча 30 орундуу тайпа ачуу жагы каралсын.
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысы Алмас кызы Жайнагүлгө милдеттендирилсин, ал эми кровать жана башка тиешелүү буюмдарга керектелүүчү каражат менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н. Тоотаева чара көрсүн.
3. С. Шабырбекова атындагы балдар бакчасына кошумча 30 орундуу тайпа ачуу үчүн кошумча штат бирдиктеринин айлык акысын чечип берүү жагы Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбековдон суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|