Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы № 18/4
Алай районундагы Алай өз алдынча баланстагы токойчулугун «Алай токой чарбасы»-статусуна которуу жөнүндө
Алай районунун аймагында Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы аянты 130169,3 гектарды түзгөн Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкалары жайгашкан. Жер аянты боюнча Ош облусундагы токой чарбалардын ичинен эң ириси болуп эсептелет.
Алай районундагы токой тилкелеринин сакталышына, ийне жалбырактуу арча, карагай көчөттөрүн өстүрүүгө, питомниктердеги көчөттөрдүн ар түрдүүлгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү, райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагындагы Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана жээкти бекемдөөчү Гүлчө дарыя бойлорундагы токой тилкелеринин базасында Алай токой чарбасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдон суралсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|