Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы № 18/2
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Илияз Ташкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгынын аткарылышы боюнча Илияз Ташкуловдун жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2015-жылга алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча түзүлгөн иш чараларды турмушка ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн баардык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрүн толтурууну камсыз кылуу, ишке болгон жоопкерчиликти жогорулатуу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн басымдуу бөлүгүн түзгөн айыл чарбасын ар тараптан интенсивдүү өнүгүүнүн чараларын көрүү, дыйканчылыктын, мал чарбачылыгын асылдандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды практикалоо, женилдетилген кредиттер менен күйүүчү жана майлоочу майлар, техникалар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго жүктөлсүн.
4. 2015-жылга салыктын өсүү темпин жана план тапшырмаларды толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору Оморов Таштемирге милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт төлөмдөрүнүн план тапшырмалары жыл жыйынтыгы менен толук аткарылгандыгы белгиленсин жана 2015-жылга жайыт акыны максаттуу пайдалануу жагы Э.Шариповго тапшырылсын.
6. Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында ар түрдүү укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жана укук тартибин камсыз кылууда коомчулук менен бирдикте атайын иш-чараларды иштеп чыгып, аны турмушка ашыруу жагы КААБдын төрайымы С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|