Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-февралы № 19/1
2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2016-2017-жылдарга бюджеттин өздүк киреше бөлүгүнүн долбоорунун божомол пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылда айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү 7639,5 сомго, анын ичинен максаттуу грант 6271,5 мин сом, өздүк киреше 1422,0 мин сомго бекитилсин.
2. 2016-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 7915,9 мин сомго, анын ичинен максаттуу грант 6418,9 мин сом, өздүк киреше 1497,0 мин сомго каралсын.
3. 2017-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 8126,8 мин сомго, анын ичинен максаттуу грант 6559,8 мин сом, өздүк киреше 1567,0 мин сомго каралсын.
4. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык Кенештин токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Корул айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш бөлүгүн камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|